При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 27-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Жайыл районунда «Мистер торс» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Жайыл районунун Ново-Николаевка айылында биринчи жолу «Мистер Торс» сынагы болуп өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, 19-майда өткөн сынакта жатып алып штанга көтөрүү жана кол күрөш мелдеши болду. Турнирди Ново-Николаевка айылынын жаш спортчулары уюштуруп, ага Кыргызстандын региондорунан жалпы 80 спортчу келишкен.

Уюштуруучулардын айтымында, аталган мелдешке спорттун бул түрүн жактыргандар жана аны менен бир нече айдан бери машыгып жүргөндөр катышты.

«Армрестлинг мелдешинде көрүүчүлөрдүн арасынан дагы жазылып, күч сынашты. Ал катышуучулардын саны абдан көп болгондуктан 6 категория менен, ал эми, «Мистер торс» сынагында окуучулар жана чоңдор арасындагы күч сынашуу болуп, эки категория менен өттү», - деди мелдештин башкы калысы Юрий Хлопков.

Калыстар тобуна Кыргызстандын жана дүйнөнүн күч спорту боюнча чемпиондору, фитнес федерациясынын жетекчилери келишти.

Окуучулар арасында өткөн «Мистер торс» сынагынын жеңүүчүлөрү:

- Барманов Нургазы 3-орун, Талас шаары;
- Глущенко Ильяр 2-орун, BICEPSCLUB спорт клубу;
- Алымбаев Азизкан 3-орун, Кара-Балта.

Чоңдор арасында өткөн «Мистер торс» сынагынын жеңүүчүлөрү:

- Ахметов Дастан 3-орун, Бишкек;
- Рагимов Исмаил 2-орун, BICEPSCLUB спорт клубу;
- Зубенко Владимир 1-орун Бишкек.

Жатып алып штанга көтөрүү боюнча окуучулар арасында өткөн мелдештин жеңүүчүлөрү:

- Барманов Нургазы 1-орун, Талас шаары;
- Желяев Никита 2-орун, Кара-Балта;
- Панкратов Никита 3-орун.

Жатып алып штанга көтөрүү боюнча чоңдор арасында өткөн мелдештин жеңүүчүлөрү:

- Скиба Виталий 3-орун, Кара-Балта;
- Ибрагимов Мурат 3-орун, «Бицепс» спорт клубу;
- Плиев Эльбрус 2-орун, Бишкек;
- Ахметов Дастан 1-орун, Бишкек.

Штанганы өздүк салмакта көтөрүү боюнча:

- Сардар Шахмурадов штанганы 34 жолу көтөрүп, 3-орунду ээледи (Кара-Балта);
- Садыков Гусейн штанганы 34 жолу көтөрүп, 3-орунду (Бишкек);
- Тахтиев Элзат штанганы 36 жолу көтөрүп, 2-орунду (Кара-Балта);
- Ахметов Дастан штанганы 38 жолу көтөрүп, 1-орунду ээледи.

60 кг салмакка чейинки окуучулар арасында өткөн армрестлинг боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

- Жоробаев Баястан 2-орун, «ХФОРМ» спорт клубу;
- Латипов Бахтияр 1-орун.

70 кг салмакка чейинки окуучулар арасында өткөн армрестлинг боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

- Блинов Владимир 3-орун, Беловодск айылы;
- Алымбаев Азизкан 2-орун, Кара-Балта;
- Табалдиев Эрлан 1-орун.

70 кг салмактан жогорку окуучулар арасында өткөн армрестлинг боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

- Глущенко Ильяр 3-орун;
- Долженко Данил 2-орун, Военно-Антоновка айылы;
- Лепшаков Шамил 1-орун.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 411
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×