Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

«Мекендештер»: Россияда окуган Т.Болотбеков Челябинсктеги эл аралык футболдук мелдеште Кыргызстандын намысын коргойт (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүй облусунун Кемин районундагы Кайыӊды айылынын 19 жаштагы тургуну Тимур Болотбеков.

Ал азыркы учурда Россиянын Челябинск шаарында билим алып жатат.

«Челябинскте футбол боюнча өтө турган эл аралык мелдешке катышабыз. 20 команданын ичинде кыргыз студенттери да бар. Бул жерде Кыргызстандын атынан «Кыргызстан» курама командасы болуп быйыл алгачкы жолу чыгып жатабыз. Бул эл аралык мелдеш жыл сайын болуп, Тажикстан, Башкортостан, Армения, Өзбекстан, Чечен Республикасы жана башка өлкөлөрдөн келген студенттер өз мекенинин намысын коргоп чыгышат», - деди ал.

Мелдеш бүгүн, 20-майда Челябинск шаарындагы «Лидер» стадионунда өтөт. 

«Мен футболду 6-класстан бери ойноп келем. Токмок шаарындагы спорт мектебин бүтүргөм. Жоомарт Оторбаев премьер-министр болуп турган учурда өмөттүн кубогун утуп алганбыз. Айылдагы турнирлерге катышып, көптөгөн сыйлыктарга ээ болуп жүрдүк. Футболдон тышкары дзюдо менен да машыгам», - деди ал.

Мекендешибиз Челябинск облусунда өткөн дзюдо боюнча мелдеште 3-орунга ээ болгон.

«2016-жылы дзюдо боюнча эл аралык мелдеште 9 мамлекеттин ичинен 2-орунду багындырып келгем. Келечекте Кыргызстандын өнүгүшүнө өз салымымды кошсом дейм», - деди ал.

Тимур үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1014
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×