При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Токмоктук А.Ртищева эксклюзивдүү бут кийим токуп, 2 миң сомго чейин баалайт (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 33 жаштагы тургуну Анастасия Ртищева полимер топурагынан кооз буюмдарды жана эксклюзивдүү бут кийимдерди токуйт. Анын эмгектерин Turmush басылмасынын кабарчысы көрүп келди.

«Мен өзүм Россияда төрөлгөм. Ошол жерден ата-энем кол өнөрчүлүктү үйрөтүшкөн. Кичинекей кезимден баштап эле, кол өнөрчүлүк менен алектенип келем. 2011-жылдан бери полимер топурагынан ар кандай кооз буюмдарды жасадым. Азыр эксклюзивдүү бут кийимдерди токуйм. Аларды 2 күндө же 2 жумада жасап бүтүрөм», - деди ал.

Жасаган бут кийимдеринин баасы 200 сомдон 2 миң сомго чейин бааланат.

«Мен жасаган буюмдар кеткен чыгымга жана жумуштун татаалдыгына жараша бааланат. Мурда бала менен үйдө отурганда көп жасап сатчумун. Бир айда 30 кардар болчу. Азыр убакыт жок болгондуктан 5 же 7ге чейин эле жасайм. Келечекте Токмок шаарынан дүкөн ачып, атайын өзүмдүн жасаган буюмдарымды сатайын деп турам. Кол өнөрчүлүк - бул өзгөчө бир чыгармачылык болуп саналат жана кошумча киреше табууга жардам берет», - деди кол өнөрчү айым.

Анастасия Ртищева үй-бүлөлүү, эки уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 701
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу