Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 17.05.2017 16:37

Ысык-Атада «Жол кыймылынын жаш инспектору» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунда өткөн «Жол кыймылынын жаш инспектору» кароо-сынагында Рот-Фронт айылындагы Мамашева атындагы орто мектебинин окуучулары 1-орунду ээлеп, облустук сынакка жолдомо алышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

«Биздин тайпабыздын аталышы «Сигнал». 5 этаптан турган сынактын бардык тапшырмаларын так аткарып бердик. Биздин мектеп бул сынакка жыл сайын катышып, алдыңкы орундарды багындырып келет. Быйыл дагы 1-орунду камсыздап, облустук сынакка жолдомо алдык. Негизи сынакка бир жума даярдык көрдүк. Тайпабызда 8 окуучу бар», - деди жеңүүчүлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×