Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Канттык Н.Карасева эски буюмдарды жаңыртып сатат (фото)

Turmush -  Кант шаарынын 30 жаштагы тургуну Наталья Карасева бир нече жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, эски буюмдарды кайра оңдоп сатат. Анын эмгектерин Turmush басылмасынын кабарчысы көрүп келди.

«Кол өнөрчүлүккө 5 жашымда эле кызыккам. Кийин кол өнөрчүлүк боюнча ар кандай курстарга барып жүрдүм. Мен эски буюмдарга жаңы образ берип жаңыртам. Бир буюмду баштап, жасап бүтмөйүнчө отура берем», - деди ал.

Эски чемоданды 50 сомдон сатып алып, аны кайра оңдоп 700 сомдон 1 миң сомго чейин баалап сатат.

«Өзүмө керектүү буюмдарды эски оокаттарды саткан жерден алам. Мисалы, үтүк, чемодан жана башка ушул сыяктууларды алам. Сатылуучу буюмдарды дүкөнгө коем, көргөзмөлөргө да чыгам», - деди кол өнөрчү.

Наталья Карасева үй-бүлөлүү, 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1018
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×