Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Сокулукта сабалган 17 жаштагы жигит эс-учун жоготуп ооруканага түштү

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда интернет клубдан балдар катуу сабап кетишкен 17 жаштагы жигит эсине келди. Жабырлануучунун абалын Turmush басылмасынын кабарчысы жеринен көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, окуя ушул жылдын 12-майында аталган райондогу Москва көчөсүндөгү «Милана» интернет клубунда болгон. Ал оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

«12-майда Москва көчөсүндө бара жаткам. Жолдон интернет клубка кирип, кайра чыгайын десем, ошол жердеги мен тааныган бала менен жөөлөшө кетип, ал мени сабап баштады. Эс-учумду билбей жыгылдым. Ойгонсом ооруканада жатыптырмын. №106 кесиптик лицейде окуйм. Азыр абалым жакшы болуп калды», - деди ал.

Сокулук районундагы оорукананын травматология бөлүмүнүн дарыгери Аскар Турдубаевдин айтуусунда, жабырлануучу бир күн жандандыруу бөлүмүндө жатып чыккан.

«12-майда саат 18:15те биздин Сокулук райондук ооруканага 1999-жылы төрөлгөн бала эс-учун жоготкон абалда келип түштү. Сокулук районундагы Москва көчөсүндө турат экен. Шопоков шаарындагы №106 кесиптик лицейде 2-курста окуйт. Башында ушул шаарда сабалдым деп айтып жаткан, кийин өзүнө келип, Сокулук районундагы Москва көчөсүндө ур-токмокко алынганын тастыктады. Жаӊы келгенде абалы оор болчу, азыр эми жакшы болуп калды. 1 күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Анын ден соолугун толугу менен текшерип чыктык. Сынык жери жок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 779
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×