При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 27-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: 45 жаштагы Н.Аксененко фоамирандан кооз гүлдөрдү жасап, 200 сомдон сатып жатат (фото)

Turmush -  Кант шаарынын 45 жаштагы тургуну Нелли Аксененко фоамирандан кооз гүлдөрдү жасайт. Анын эмгектерин Turmush басылмасынын кабарчысы көрүп келди.

«Мен мектепти бүтүп, кийим тиккен ательеде иштедим. Кол өнөрчүлүктүн бүт түрүн ошол жерден үйрөнгөм. Тиффан витражынын техникасын дагы үйрөнүп алганым да чоӊ жетишкендик болду. Фоамирандан жасалган гүлдөр эч нерсе болбойт жана түбөлүккө сакталат. Интернеттен мындай гүлдөрдү көрүп, жасап көрүүнү чечтим. Башында окшошпой жүрдү. Азыр мыкты өздөштүрүп, жакшы жыйынтыкка жеттим десем болот. Ага улай интернет аркылуу гүл жасоону үйрөндүм. Ошондой эле, винтаж стили боюнча 3-даражадагы дипломум бар. Гүл жасоо бул өтө кызыктуу процесс. Бир гүлдү жасоого 3 же 4 күн кетет. Жеңил болсо 3 саатта бүтөм», - деди ал.

Анын жасаган эмгектеринин баасы 200 сомдон жогору бааланат.

«Керектүү каражаттарды шаардан сатып алам. Кардарларым азырынча аз. 14-майда мастер- класс көрсөтүп, архидея гүлүн жасадым. Үйлөнүү үлпөт тойлорго гүлдестелерди жасоого мастер-класстарды өткөрүп, билгендеримди кол өнөрчүлөр менен бөлүшүп да жатам. Аял киши табиятынан эле назик жана кол өнөрчүлүккө жакын келет эмеспи. Ал эми кол өнөрчүлүк ден соолукка пайдалуу, адамды ар кандай стресстен эс алдырат», - деди кол өнөрчү.

Ал үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 625
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×