При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Ново-Николаевкада Улуу Жеңишке арналып тигилген арчалар уурдалды

Turmush -  Жайыл районунун Ново-Николаевка айылында Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлеринин эстелигинин жанына отургузулган арча көчөттөрү уурдалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдагы мектептин директору Тамара Шадырканова билдирди.

Анын айтымында, 12 көчөт 1 ай мурда Улуу Жеңишти утурлай мектеп окуучулары тарабынан тигилген. 4-майдан 5-майга караган түнү белгисиз адамдар аталган арча көчөттөрдүн сегизин уурдап кетишкен.

«Биз милицияга кайрылдык. Буга кимди күнөөлүү билбейбиз. Айрым адамдардын эстеликке, биздин балдардын аракеттерине ушундай мамиле кылганы өкүнтөт», - деди ал.

Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 406
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу