Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Чүй

Айыл турмушу: К.Александрова шарлардан кооз фигураларды жасап сатат (фото)

Turmush -  Кант шаарынын 22 жаштагы тургуну Кристина Александрова шарлардан кооз фигураларды жасап, 150 сомдон өйдө сатат. Аймактык кабарчы кол өнөрчү менен таанышты.

«Мен шарлардан кооз оюнчуктарды, буюмдарды жасап сатам. Бир жолу 8-март майрам күнү интернет желелерден бир кыз шарлардан жасалган ромашка гүлүн кармап түшкөн сүрөтүн көрүп, кызыгып, анан жасап баштаган элем. Ошондон бери 4 жыл болду. Келген кардарларга эле эмес, өзүмө дагы күлкүү, кубаныч тартуулайт», - деди ал.

Бир фигураны жасоого 1-3 саат убакыт кетет.

«Казакстандан атайын керектүү биошарларды алдырам. Бир фигураны жасоого 1-3 саатка чейин убакыт кетет. Татаал болсо көп убакытты алат. Баасы 150 сомдон өйдө болот. Кардарларымдын айткан буйрутмасы менен алардын өздөрүнүн фантазиясы боюнча да жасап берем. Биздин Кантта атайын дүкөнүбүз бар. Кыргызстанда эле эмес, башка чет өлкөлөргө да ачканга аракет кылып жатабыз», - деди ал.

Кристина юридикалык факультетти бүткөн. Үй-бүлөдө 3 биртуугандын улуусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1672
×