Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: Баскетбол боюнча өткөн райондук мелдеште К. Намазбекованын командасы 2-орунду багындырды (фото)

Turmush -  Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылынын 17 жаштагы тургуну Кылым Намазбекова 3 жылдан бери волейбол, баскетбол, теннис ийримдерине катышып, спортто бир топ ийгиликтерди жаратты. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«Азыркы учурда Конушбаев атындагы орто мектепте 10-класста окуп жатам. Көбүнчө кыргыз тили жана кыргыз адабият сабактарына кызыгам. Мектеп ичинде өтүлгөн сынактардан жана олимпиадалардан калбай катышканга аракет кылам. Жакында эле өткөн олимпиадада кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынан 1-орунга ээ болуп, районго жолдомо алып, анда 42 мектептин арасынан 3-орунду багындырдым. Мындан тышкары мектеп ичиндеги көркөм окуу сынактарынан алдыңкы орундарды алып жүрөм», - деди ал.

К.Намазбекова спорт менен 3 жылдан бери машыгып келет.

«7-класстан баштап спорт ийримдерине катыша баштагам. Бир жылдан кийин баскетбол боюнча мектептеги курама командага кошулуп, азыркы кезге чейин ойноп келем. Биздин командада 6 кыз бар. Спорттун бул түрү боюнча Ташкенбай жана Калыйбек агайларыбыз машыктырып турат. Ал эми, жетишкен ийгиликтерибиз абдан көп. Мисалы, айылдар арасында өткөн баскетбол боюнча мелдеште 1-орунду алып, районго жолдомо алуу менен ал жактан 2-орунду багындырдык», - деди жаш спортчу.

Ал келечекте машыктыруучу болууну максат кылып жаткандыгын баса белгиледи.

«Мен келечекте машыктыруучу болгум келет. Ар кандай спорттун түрүн кыздарга, балдарга үйрөтсөм дейм», - дейт ал.

Жаш спортчу үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

«Менден улуу Нуркыз эжем, Эркин жана Эльдар деген инилерим бар. Апам азыркы учурда Конушбаев атындагы орто мектепте музыка сабагынан мугалим болуп иштейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 684
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×