При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Токмоктук И.Королькова жасаган колье жана билериктерин 1200 сомго чейин сатат (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 27 жаштагы тургуну Ирина Королькова шурудан колье жана билериктерди жасап сатат. Аймактык кабарчы кол өнөрчү менен таанышты.

«Мен шурудан буюмдарды токуп жатканыма 1 жыл болду. Чет өлкөдөгү кол өнөрчүлөрдү көрүп, аябай күч кубат алам. Кол өнөрчүлүк менен кичине кезимден эле алектенип, курчактарга кийим, пинеткаларды токуп жана чачка такканга лентадан кооз буюм жасай берчүмүн. Азыр ар түрдүү шурулардан колье жана билериктерди жасайм», - деди кол өнөрчү.

Ал жасаган буюмдарын кооздугуна, тааталдыгына жараша баалайт.

«Бир билерик 3-4 саат, кольеге 10-12 саат убакыт кетет. Шуруларды интернет магазиндерден буйрутма менен алдырам. Жип жана фурнитурасын Бишкектеги дүкөндөрүнөн алам. Баасын болсо 300 сомдон 1200 сомго чейин коюп, сатуудамын. Кардарлар кээ бир учурда аябай көп болсо кээде азайып калат. Бул менин хоббим, бирин жасасам, экинчисине жаңы идея келип, анын артынан үчүнчүсүн кубануу менен жасай берем. Анан да адамдар кол өнөрчүлүк менен жасалган буюмдарга баа берсе деп ойлойм. Жакында ннтернет желелерине чыгарып, жарыя кылам жана өзүм атайын бир стиль тапканга аракет кылып жатам», - деди ал.

Кол өнөрчү бухгалтер кесибин бүткөн. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 673
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу