Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Токмоктук И.Королькова шуурудан билериктерди жасап, 1200 сомго чейин баалайт (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 27 жаштагы тургуну Ирина Королькова шуурудан асыл мончокторду жана билериктерди жасайт. Анын эмгектерин Turmush басылмасынын кабарчысы көрүп келди.

«Мен бир жылдан бери шуурудан ар кандай буюмдарды жасайм. Чет өлкөдөгү кол өнөрчүлөрдү көрүп, алардан аябай күч кубат алам. Кол өнөрчүлүк менен кичинекей кезимден бери эле алектенип, куурчактарга кийим токуп жана кооз буюмдарды жасай берчүмүн. Азыр ар түрдүү шуурулардан асыл мончокторду жана билериктерди жасайм», - деди кол өнөрчү.

Анын эмгектери жасаган буюмдардын кооздугуна жана татаалдыгына жараша бааланат.

«Бир билерик 3-4 саат, ал эми асыл мончоктор 10-12 саат убакытта жасалат. Шууруларды интернет дүкөндөрдөн буйрутма берип алам. Эмгектерим 300 сомдон 1 миң 200 сомго чейин бааланып сатылат. Кардарлар кээ бир учурда аябай көп болсо, кээде азайып калат. Кол өнөрчүлүк менин хоббим. Бир буюмду жасасам, экинчисине жаӊы идея келип, кубануу менен жасай берем. Адамдар кол өнөрчүлүк менен жасалган буюмдарга баа берсе деп ойлойм. Жакында интернет желелерине эмгектеримди чыгарып, жарнама кылайын деп атам», - деди ал.

Кол өнөрчүнүн кесиби бухгалтер, үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 806
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×