Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кеминде Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы белгиленди (фото)

Turmush -  Кемин шаарындагы Жеңиш паркында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын башында райондук ички иштер бөлүмү баштаган салтанаттуу марш өттү. Андан соң Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюлуп, үч ирет залп атылды. Ошондой эле, алардын арбагына багышталып куран окулду.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Кемин райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Улан Карагулов, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн агрардык өнүктүрүү секторунун жетекчиси Нурдин Довлетов, Кемин шаарынын мэри Солайбек Досов, Кемин районунун аксакалы Кемел Абдувалиев, ардагерлер кеңешинин төрагасы Таалайбек Маралбаев куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Райондук маданият бөлүмү жана мектеп окуучулары тарабынан даярдалган чоң программадагы концерт тартууланды. Мындан тышкары, К.Осмоналиев атындагы стадиондо кичи футбол жана Кемин шаарындагы залда кыргыз күрөшү боюнча турнир өткөрүлдү.

Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата 1-майдан 9-майга чейин «Мекенди коргоочулар түбөлүк эсте сакталсын» аттуу акциялар өткөрүлүп, Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Солтонбекова 2 согуш ардагерине ыйгарым укуктуу өкүлдүн атынан 10 миң сомдон тапшырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 807
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×