Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Жайылдык Ю.Вишневская 7 жылдан бери иштетип жаткан көлмөсүнө 30 миӊ балык коё берди (видео, фото)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районундагы Полтавка айылынын 43 жаштагы тургуну Юлия Вишневская балык чарба менен 7 жылдан бери алектенип келет. Аймактык кабарчы жеке ишкер менен таанышты.

«Биз жер аянтын 49 жылга ижарага алып, балык кармоочу көлмөнү 7 жылдан бери иштетип келебиз. Бирок, балыктарды базарга алып чыгып сатпайбыз. Балык кармап, эс алганды жактыргандар үчүн бул көлмөнү жасаганбыз. Кардарлар кудайга шүгүр көп. Кээ бир күндөрү балык кармаганга орун жок болуп калат. Балыктардын жемин жергиликтүү базарлардан алып келебиз. Көлмөдө балыктын ондой түрү бар. Алар: макоо балыгы, ак амур, карп балыгы, сазан, жылаанбаш балыгы, карась, акунь, раки жана башкалар. Быйыл жазда 1,5 кг салмактагы 30 миң балык коё бердик. Келечекте ушул балык кармоочу көлмөнү өнүктүрүп, дагы башка балыктарды алып келсемби деп турам», - деди ал.

Юлия Вишневская 1974-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1043
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×