Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: 16 жаштагы диджей Зыйнаттын үнү Суусамыр жайлоолоруна жаңырат (фото)

Turmush -  16 жаштагы Зыйнат Самар кызы эки жылдан бери «Суусамыр FM» жамааттык үналгысында эмгектенип келет. Анын үнү Суусамырдын жайлоолоруна, Төө-Ашууга чейин жетет. Аймактык кабарчы жаш диджей менен таанышты.

Зыйнат Жайыл районундагы Суусамыр айылында жарык дүйнөгө келген. Радиодо 2 жылдан бери иштейт.

«Учурда Суусамыр айылындагы К.Конушбаев атындагы орто мектебинде 10-класста окуйм. Тарых, кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабактарына кызыгам. Сабактан тышкары "Суусамыр FM" жамааттык үналгысында диджей болуп эмгектенем. Аталган үналгыга 6 окуучу кыз ыктыярчы болуп келгенбиз. Өлкө ичиндеги акыркы кабарлар, спорт жана жергиликтүү жаңылыктарды обого чыгарабыз. Мындан тышкары "Менин ден соолугум", "Айыл чарба", "Сиз билесизби?", "Саякат", "Заман", "Жаш талант", "Ар бир кесип ардактуу", "Шаңдуу кеч", "Пайдалуу кеңештер", "Саркеч жашоо" рубрикаларын алып барабыз. Мен болсо үналгыда иштегениме 2 жыл болуп калды. Бул жерде иштегенимден тартып "Жаш талант", "Айыл чарба" программаларын алып барам. "

Суусамыр FM" жамааттык үналгысы 2011-жылы 8-декабрда "Айжарык" коомдук бирикмеси тарабынан ачылган. Үналгы Суусамыр өрөөнү, Төө ашуу, Бишкек — Ош унаа жолунун 164-чакырымына чейин жана алыскы жайлоолорго чейин уктурулат. Диджейликтен тышкары бийге, ырга, эссе жазууга кызыгам. Мектепте ар кандай иш-чараларда ырдап, бийлеп, алып баруучу болом. Ошол эле учурда мектеп ичинде маданият жана маалымат министри болуп шайлангам», - деди ал.

Зыйнат көптөгөн кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга жетишип келет.

«Жетишкен ийгиликтерим көп. Жайыл районунда өткөн "Аялуу жан сыры айтылат, бир гана эне тилинде" кароо-сынагында "Экологияга зыян келтирүүчү заттар жана аны чечүү жолдору" деген темада долбоор жазып, 42 мектептеги окуучулардын арасынан 3-орунду алгам. Мектеп ичинде өткөн олимпиада, ар кандай кароо-сынактарда алдыңкы орундарды багындырып келем. Андан тышкары Германиядагы "Немис толкуну" академия тарабынан уюштурулган тренингдерге катышып, көп нерсе үйрөнө алдым. Бишкек шаарындагы "Жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо" борбору тарабынан уюштурулган сынакта "Журналистиканын азыркы коомдогу орду" деген темада эссе жазып, алдыңкы орунду алгам. Жеңүүчү катары бир жумалык курста Кыргызстандагы белгилүү журналисттер тарабынан журналистиканын көп сырлары менен таанышып, сабак алдым. Келечекке койгон максаттарым абдан көп. Эң негизгиси маалыматты бейтараптуу чагылдырган, кыргыз элинин керегине жараган, ата-энем сыймыктанган кесипкөй журналист болууну максат кылам», - деди жаш талант.

Ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

«Ата-энем Суусамырда айыл чарбачылыгы менен алектенишет. Эжем жана иним бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1094
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:05,   16.10.2017   ( 1 адам окуп жатат)
14:02,   16.10.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×