Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Чүй

Суусамырдагы мектептин «Бирге окуйбуз» сынагынын жеңүүчүлөрү медаль тагынышты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айылындагы К.Конушбаев атындагы орто мектебинде «Бирге окуйбуз» кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин мугалими Зарина Сооронбаева билдирди.

«Аталган сынакка биздин мектептин 2-3-класстарынын окуучулары катышты. Бул иш-чара башталгыч класстардын окуучуларынын билимин ар тараптан текшерүү, алардын артисттик чеберчилигин арттыруу максатын көздөйт. Сынактын жыйынтыгында 2-а жана 3-б класстар 1-орунду ээлеп, медалдар жана жомок китептер менен сыйланышты», - деди ал.

Бул мектепте жалпы 38 мугалим эмгектенип, 430дөн ашуун окуучу билим алат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1545
×