При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Канттык В.Кербель буйрутма менен кийим токуп, алдыда цех ачууну пландап жатат (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 30 жаштагы тургуну Вера Кербель 4 жылдан бери буйрутмага жиптен топу, байпак, кийимдерди түйүп кошумча киреше табат. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, алгач жолу баласы төрөлгөндө байпак токуган.

«Биздин үйдө чоң энем кол өнөрчү эле. Биз кичинекей чагыбызда жип менен байпак, топу, кийимдерди жакшынакай кылып түйүп берчү. Энемдин шыгы мага да жукса керек. Мен да акыркы 4 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, ар түрдүү жиптен наристелер үчүн байпак, топу, кийимдерди түйүп жатам. Алгач өзүмдүн балам төрөлгөндө байпак, топу түйүп бергем. Аны көргөндөр «жакшы түйөт экенсиң» деп суктанышканынан буйрутма алып, токуй баштадым. Бир көйнөк үчүн 200 гр жип керектелет. Жиптерди базардан алам. Бир көйнөктү 700 сомдон өйдө токуп берем. Жолдошум экөөбүз кийим тигүү цехин ачалы деп пландап жатабыз.

Бүгүн түймөгө 4 буйрутма бар. Бирөөсүн түйүп бүтсөм, андан кийин калганын баштайм», - деди ал.

Чебер айым Жалал-Абад облусуна караштуу Майлы-Суу шаарында чоңойгон. Жолдошу экөөнүн 2,5 жаштагы уулу жана 1 жаштагы кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 630
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×