При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: 25 жаштагы А. Маданов темирден гүл жасап, жакшы киреше табат (фото)

Turmush -  Кемин районундагы Орловка айылынын 25 жаштагы тургуну Азамат Маданов темирден гүл жасап, чебер уста атыкты. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Кемин районундагы Орловка орто мектебин аяктагам. Бул темир устачылык менен 6 жылдан бери алектенип келе жатам. Бардык эле буюмдарды жасай берем. Бирок, көбүнчө дарбаза, темир торлорду, отургучтарды, перила, бастырмаларды жасайм. Сүрөттөгү көрүп турган темирден жасалган гүлдөрдү азем белек катары же кооздук үчүн колдонсо болот. Дарбазаларды болсо, гүлдөр менен кооздоп, сапаттуу жасайм. Аларды Ирандан алынган боёктор менен боёп, кооздойм. Кээде буйрутма берген адамдын ой-пикирин угуп, анын табитине жараша жасап берем. Башка усталар эмгектерин кандай бааласа, мен да ошондой баалап сатам. Эӊ негизгиси баалар темирдин сапаттуулугунан жана жумуштун татаалдыгынан көз каранды болот. Келечекте көркөм темир өнөр жайын ачсам деген тилегим бар. Ал жерге балдар үйүндөгү балдарды алып, жумуш орундарын түзүп берсем дейм», - деди ал.

Азамат Маданов 1992-жылы Нарын облусундагы Жумгал районундагы Байзак айылында төрөлгөн.
Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1419
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×