Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: Канттык 12 жаштагы Л.Коробейникова биссерден кооз бактарды жасап, 500 сомго чейин баалайт (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы №4 мектеп-гимназиясынын 5-классынын окуучусу Любовь Коробейникова бош убактысында биссерден кооз бактарды жасайт. Аймактык кабарчы жаш таланттын эмгектерин көрүп келди.

«Мындай кол өнөрчүлүктү апамдан үйрөндүм. Бул иш менен беш жылдан бери алектенип келем. Башында дос кызымдын үйүнөн ушундай кооз буюмдар жасалып турганын көрүп, апама "мен да жасагым келип жатат, мага дагы үйрөтүңүз" дедим. Башында бул ишти баштаганда кичине кыйналдым, андан кийин көнүп кеттим. Бир бакты 300-500 сомдон баалап сатам. Азыр кардарларым көбөйүп калды. Майрам учурларда, жаӊы жылда, туулган күнгө деп көп кайрылышат. Бир бакты 2-3 күндө жасайм жана мага апам жардам берет. Себеби, ар бир бакты кылдаттык менен жасаш керек. Ошол эле маалда бактарды кооздоп, ар түрдүү кылып жасаганды жакшы көрөм. Биссерлерди базардан алабыз», - деди кол өнөрчү.

Ал 2005-жылы Кант шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө жалгыз кыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 871
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×