Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусу, Кант 24.04.2017 11:13

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Б.Өрдөков ардактуу эс алууга чыккандыгына карабай ичкилик менен ооругандарды дарылап келет (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Люксенбург айылындагы наркологиялык бөлүмдүн дарыгери Бакыт Өрдөков учурда балдарга караганда кыздар ичкиликке берилип жаткандыгын айтты. Ал көп жылдан бери нарколог-психотерапевт болуп иштеп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

бакыт о

«Ардактуу эс алууга чыкканыма карабай, 4-5 жылдан бери Канттагы наркологиялык жеке бөлүмдү иштетип келем. Азыркы учурда бул жерге Кант шаары, Ысык-Ата району эле эмес, бүткүл Кыргызстан боюнча келип дарыланышууда. Алсак, Казакстандан, Бишкектен, Нарындан, Ысык-Көлдөн көп келишет. Баңгилик, ичкилик адамдын аң-сезиминин бузулушуна алып келет. Жашоого, турмушка, үй-бүлөгө болгон көз карашы өзгөрөт. Ошондуктан биринчи оорулууга психологиялык жактан жардам көрсөтүү керек. Азыр эми, жашырганда эмне, учурда акылды айныткан дары-дармек, баңгизат колдонгондор көбөйүп бара жатат. Бирок, ичкилик мындан 10-15 жылга салыштырмалуу учурда кыскарууда. Анткени, жаштардын жашоого болгон көз карашы өзгөрдү. Анын үстүнө көп жаштар ыйман жолуна өтүп баштады», - деди ал.

Дарыгер айыл жергесине караганда, шаарда ичкилик көп болуп жаткандыгын кошумчалады.

«Мында жумушсуздуктун кесепетинен жана жашоого туура эмес көз карашта болгондор ичип кетишүүдө. Эң жаманы, мурдагыга салыштырмалуу учурда ичкилик менен ооруган кыздардын саны көбөйүп бара жатат», - деди ал.

Б.Өрдөков 1972-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун дарылоо факультетин аяктаган.

«Окууну бүткөндөн кийин, Ысык-Көлдүн участкалык, райондук ооруканаларында, облусттук деңгээлдеги ар кандай жетекчилик кызматтарда иштедим», - деди ал.

Дарыгер Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунда 1950-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыз жана 3 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×