Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кайыңдыдагы окуучулар жалпы республикалык тестирлөөдөн кийин мушташкан, - ОИИБ

Turmush -  Кайыңды шаарындагы окуучулардын мушташуусу жалпы республикалык тестирлөөдөн кийин болгон, деп билдирди Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 14-апрелинде болжол менен саат 14:00 чамасында Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Кайыңды шаарындагы көчөлөрдүн биринде 15-16 жаштагы өспүрүм балдар мушташып жатышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Панфилов РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгып, мушташуунун себептерин такташкан.

«14-апрелде саат 09:00дө Панфилов районунун аймагындагы орто мектептин 11-классынын окуучулары жалпы республикалык тест тапшыруу үчүн Кайыңды шаарындагы №1 орто мектепке чогулушкан. Тест тапшырып бүткөн соң окуучулар тарап кетишкен. Болжол менен 14:00 чамасында эки окуучу баланын ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал урушка айланып, алардын тарапташтары да бул урушка аралашып кетишкен. Анын кесепетинен беш окуучу ар кандай жараат менен Панфилов районунун аймактык ооруканасына кайрылышкан. Алар: 16 жаштагы Ш.А., 18 жаштагы С.К., 16 жаштагы А.А., 18 жаштагы А.А. жана 18 жаштагы Б.К. Алардын ичинен эки окуучу ооруканага жаткырылып, жарааттарына зарыл болгон экспертиза дайындалган», - деп айтылат маалыматта.

Чогултулган материалдардын негизинде Панфилов РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда Панфилов РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кайыңды шаарындагы урушка катыштыгы бар делген балдардан көрсөтмөлөр алынган. Тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 765
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×