Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Массалык мушташуу: Жараат алып, ооруканага кайрылган Кайыңды шаарындагы окуучулар

Turmush -  Кайыңды шаарындагы окуучулардын мушташуусунан кийин ооруканага 6 окуучу кайрылган. Бул тууралуу Панфилов райондук жалпы дарыгерлер борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, мектеп окуучулары арасындагы мушташуу 14-апрелде катталган. Медициналык жардам сурап бир нече окуучулар кайрылган.

Амбулатордук дарылануудагылар:

- 2000-жылы туулган М. уулу Сыймык, Панфилов айылынын тургуну, анын көкүрөгү сыйрылып, оорутуп алган;

- 2000-жылы туулган А.Артур, Жайылма айылынын тургуну, ал оң санынан жараат алган;

- 1999-жылы туулган С.уулу Канат, Кайыңды шаарынын тургуну, анын сол жаагы сынып, бети тытылган. 15-апрелде Кара-Балта шаарындагы тиш догдурга кайрылган.

Хирургиялык бөлүмгө жаткырылгандар:

- 1999-жылы туулган Б.Куштар, Панфилов айылынын жашоочусу, ал баш мээсинен жараат алып, мээси чайкалган;

- 2001-жылы туулган А.Аскат, Панфилов айылынын тургуну, ал баш мээсинен жараат алып, мээси чайкалган жана көкүрөгү тытылган;

- 2001-жылы туулган Ш.уулу Алмазбек, анын да баш мээси чайкалып, жараат алган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1138
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×