При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 27-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Кант шаарынын тургуну О.Хаванова куурчактарды жасап, 1,5 миң сомго чейин баалайт (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районундагы Кант шаарынын тургуну Оксана Хаванова 3 жылдан бери кооз куурчактарды жасап, аларды 1,5 миң сомго чейин баалап сатат. Анын эмгектерин Turmush басылмасынын кабарчысы көрүп келди.

«3 жылдан бери куурчактарды жасап, кошумча киреше табам. Буйрутмалар ар кандай келет. Айрыкча майрам күндөрү кардарлар көп болот. Куурчак тигүүнүн ыкмасын интернеттен карап, өз алдымча үйрөнүп алгам. Бир куурчакка 2 же 4 күндөй убакыт керектелет. Албетте, ал жумуштун татаалдыгына жараша болот. Мисалы, өтө чоң эмес куурчакты 1-2 күндө жасап бүтсө болот. Ал эми чоң куурчактарды 3 же 4 күндө даярдайм. Мындай чоң куурчактардын көлөмүнө жараша 200-300 сомдун тегерегинде кездеме керектелет. Куурчактарымдын баасы 250 сомдон башталат. 450 сом, 650 сом, 500 сом, 700 сом жана 1200 сомдук куурчактар бар. Мисалы, ашканадагы ашпозчу куурчагым 650 сом турат», - деди ал.

О.Хаванова жасаган куурчактардын арасынан ашпозчу бөбөк 1500 сомго бааланып сатылат.

«Бир куурчакка болжол менен жарым метр капрон, жарым кг салмактагы синтепон, 50 см кездеме жана башкалар колдонулат. Куурчактан башка кагаздан да ар түрлүү кооз буюмдарды жасайм. Ошондой эле, чайнектерди, кружкаларды, момпосуй салгычтарды да тигем. Бул буюмдарды бир гана акча табуу үчүн эмес, рахат алуу үчүн жасайм», - деди кол өнөрчү.

Ал 2003-жылы Жалал-Абаддан үй-бүлөсү менен Кант шаарына көчүп келген. Учурда үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 516
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×