Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу, Токмок 06.03.2017 11:39 На русском

«Токмок» мал базарында эң кымбат жылкы 14 миң долларга сатылган (фото)

Turmush -  Токмок шаарындагы «Токмок» мал базарында жандык малдын орточо баасы 6 миң сомдон. Аймактык кабарчы мал базардагы сооданы сураштырып келди.

Базардын администрациясынын өкүлү Элдан Медербековдун айтымында, ишемби, жекшемби күндөрү иштеген мал базардын түзүлгөнүнө 60 жыл болду.

«Мал базарда эң кымбат мал 300 миң сомго сатылган айгыр жана 14 миң долларга сатылган жылкы болгон. Базарга кирген айрым бодо малдын салмагы 1 тоннадан ашат», - деди ал.

Мал базардагы малдын учурдагы орточо баасы:

Кой - 4-6 миң сом;

Козу - 3-4 миң сом;

Уй - 50-80 миң сом;

Жылкы - 80-150 миң сом;

Тай - 30-50 миң сом;

Төө - 60 миң сомдон жогору;

Топоз - 80 миң сом;

Бука - 100 миң сомдон жогору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×