Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Талас

Адистин кеңеши: Банан аркылуу ВИЧ/СПИД жугушу мүмкүнбү?

Turmush -  Талас облустук СПИДди алдын алуу жана каршы күрөшүү борборунун 31 жылдык тажрыйбасы бар дарыгер-эпидемиологу Гүлмира Алишерова ВИЧ инфекциясынын жугуу жолдору жана андан сактануу тууралуу маалымат берди.

- ВИЧ оорусу деген эмне?

- ВИЧ — бул вирус. Адамдын организминдеги иммунитетти начарлатат. Организм башка ооруларга туруштук бере албай, кошумча дарттар пайда болот. Мисалы, бул вирус менен ооруган адамдын организми начар болгондуктан кургак учук жана ушул сыяктуу татаал оорулар күчөп кетиши мүмкүн.

- Бул вирус кандай жол менен жугат?

- Азыркы учурда бул оорунун жугушу боюнча далилденген 3 жол бар. Биринчиси — энеден балага, экинчиси — жыныстык жол менен, үчүнчүсү — түз байланыш деп эсептелген ийне аркылуу.

- Социалдык тармактарда кадимки биз жеген банан аркылуу жугат деген имиштер пайда болду. Мындай жол менен жугушу мүмкүнбү?

- Бул вирус түз эле кандан-канга өтөт. Ал эми чөйрөдө жашоосу абдан аз. Ал 2 секунддан 8 секундага чейин гана жашай алат.

(Интернеттеги сүрөт)

bbae77b2ca0f44ec13a9b93a60e68f88

- Ал эми ооруган адамды кантип билсе болот?

- Негизи биз жылына кош бойлуу аялдардан, студенттерден, жыныстык жактан ооругандардан жана чет мамлекетке чыгып жаткан мекендештерибизден кан алабыз. Ошол анализден чыгып калышы мүмкүн. Эгерде бул вирус чыгып калса, кайталап анализ алып, тактап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп угузабыз. Бул ооруга чалдыккан адамдар дарты тууралуу маалыматты ар кандай кабыл алат.

- Бул вирус жуккандан кийин эле билинеби?

- Жок. Ар бир ооруган адамдын организмине жараша болот. Кээ бири тез убакта билинсе, кээ бир учурда 6 айдан 10 жылга чейин билинбей жүрүшү мүмкүн.

- Ооруга чалдыккан адам канча жыл жашайт? Бул чектелүүбү?

- Жок, биз эч кандай чек бере албайбыз. Эгерде вирус чыккан адам өз убагында тартип-сааты менен дары-дармектерин ичсе, узак жашоого мүмкүнчүлүгү жогору болот. Ал эми кээ бирлери коркуп, чет жакка качып кетип, убакытты өткөрүп жиберсе вирустун өөрчүшү тез жүрүп, көрсөткүчтөрдү токтотуп коюу мүмкүнчүлүгү төмөн болот.

- Ал эми оорулуу ата-энеден дени сак ымыркай төрөлүшү мүмкүнбү?

- Албетте, мүмкүн. Биринчи ата-эне дарыланууда болуп, ымыркайды пландоо керек. 9 ай бою биз көзөмөлдөп, сактык менен дени сак ымыркайларды төрөтүп алабыз.

- Вирустун коомдук жайларда тамактанууда, сакал алууда, өбүшүүдө жугушу мүмкүнбү?

- Бүгүнкү күнгө чейин жогоруда айтып өткөн жолдордон жуккан эмес. Бул вирус аба аркылуу же шилекей аркылуу жукпайт.

- Ал эми ооруган адам менен жыныстык катнаш болсо кантип сактануу керек?

- Эгерде оорусу экинчи адамга белгилүү болсо коргонуучу каражаттарды (презерватив) колдонуу керек. Эгерде вирус тууралуу жыныстык катнаштан кийин билсе, биздин борборго 1 сааттын ичинде кайрылса дезинфекциялап, оорунун алдын алууга аракет кылабыз. Бизде «бир үй-бүлө — бир нике» деген ураан бар. Бул ооруну алдын алуудагы биринчи кадам.

- Ал эми бул ооруну алдын алуу үчүн кандай иштер жасалып жатат?

- Биз бүгүнкү күндө окуучуларга, дарыгерлерге, студенттерге, жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, акцияларды өткөрүп турабыз. Ар бир ооруган адамды чоң сыр менен сактап, аларды көзөмөлдөп, дарылоо иштерин жүргүзүп келебиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8525
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×