Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуСокулук району 15.02.2017 11:35

Сокулук районундагы айыл өкмөттөр салык планды канчалык аткарды?

Turmush -  Сокулук району боюнча Ново-Павловка айыл өкмөтү салык жыйноону 129% аткарды. Бул тууралуу райондук акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, салыкты эң аз Ат-Башы айыл өкмөтү жыйнаган.

«Сокулук району боюнча Ново-Павловка айыл өкмөтү салыктар боюнча планды 129% аткарса, эң аз көрсөткүчтү 72% менен Ат-Башы айыл өкмөтү көрсөттү», - деп айтылат маалыматта.

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Алина Сулайманованын айтуусунда, былтыр дыйкандардын түшүмү орто болуп, көпчүлүк жер салыгы чогулбай калган.

Айыл өкмөттөрдүн салык планын аткаруудагы пайыздык көрсөткүчтөрү:

- Асылбаш айыл өкмөтү - 79,8%;

- Военно-Антоновка айыл өкмөтү - 99,7%;

- Гавриловка айыл өкмөтү - 94,9%;

- Жаңы-Жер айыл өкмөтү - 107,1%;

- Жаңы-Пахта айыл өкмөтү - 95,2%;

- Кайназарова айыл өкмөтү - 101,0%;

- Камышановка айыл өкмөтү - 115,9%;

- Күн-Туу айыл өкмөтү - 105,4%;

- Кызыл-Туу айыл өкмөтү - 101,4%;

- Крупская айыл өкмөтү - 89,0%;

- Ново-Павловка айыл өкмөтү - 129%;

- Төмөнкү Чүй айыл өкмөтү - 94,7%;

- Орок айыл өкмөтү -108,9%;

- 1-Май айыл өкмөтү - 85,7%;

- Саз айыл өкмөтү - 77,6%;

- Сокулук айыл өкмөтү - 99,3%;

- Төш-Булак айыл өкмөтү - 123,8%;

- Шопоков шаары 90,9% топтогон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×