Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуСокулук району 08.02.2017 11:06

Сокулукта 2016-жылы салык чогултуу планы ашыгы менен аткарылды

Turmush -  Сокулук районунда салык жана салыктан тышкары төлөмдөрдүн мамлекеттик бюджетке түшүүсү 961609,5 миң сомду түздү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары Абас Үсөнов билдирди.

Анын айтымында, салык боюнча план өткөн жылы 101,7%га аткарылган.

«2016-жылы салык жана салыктан тышкары төлөмдөрдүн мамлекеттик бюджетке түшүүсү план боюнча 945920,9 миң сом болсо, 961609,5 миң сом түшүп, аткаруу 101,7% болгон», - деди ал.

Анын ичинен республикалык бюджеттин аткарылышы план боюнча 670307,2 миң сом болсо, факты боюнча 670354,4 миң сом түшкөн же 100,0%га акарылган. Ал эми жергиликтүү бюджетке план боюнча 275613,7 миң сом болсо, факты боюнча 291255,1 миң сом киреше түшкөн же 105,7%га аткарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×