Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуЖайыл району 07.02.2017 09:38

Жайыл районунун эли 2016-жылы 1 млрд сомдон ашык насыя алышты

Turmush -  Жайыл районунун тургундары 2016-жылы банктардан 1 млрд 206 млн сом насыя алышты. Бул тууралуу райондун акимчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2015-жылы 896 млн сом насыя алынган. Райондо насыя берүү менен банктардын 12 филиалы жана 4 чакан насыя компаниялары иштейт.

Берилген насыялардын 41,4%ы айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн, 42,6%ы бизнести өнүктүрүүгө, калганы ар кандай себептер үчүн берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×