Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуСокулук району 28.01.2017 12:14

Сокулук районунда жалпы 56 миңден ашык бодо мал катталды

Turmush -  Сокулук району боюнча 56 миң 838 баш бодо мал, 117 миң 831 баш майда мал жана 17 миң 408 баш чочко бар. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Фатима Байпакбаева билдирди.

«Акыркы жылдары районубузда төрт түлүк менен канаттуулардын саны көбөйүп, өндүрүлгөн азык-түлүк өз жемишин берип келет. Декабрь айында район боюнча мал менен үй канаттууларынын кезектеги санагы өттү. Санактын жыйынтыгы боюнча быйылкы жылдын 1-январына карата 7881 баш жылкы, 56 миң 838 баш бодо мал, 117 миң 831 баш майда мал, 17 миң 408 баш чочко жана 862 миң 89 баш канаттуу (тоок, үндүк, өрдөк, каз ж.б.) катталды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×