Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуСокулук району 26.01.2017 16:34 На русском

Сокулуктагы кант заводуна 10 млн доллар бөлүндү

Turmush -  Сокулук районундагы «Кошой» кант заводуна 10 млн доллар бөлүндү. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Жолдош Ахмедахунов билдирди.

Анын айтымында, былтыр Сокулуктагы кызылчаны кабыл алуу пунктунда кезек күткөндөр көп болгон. Тактап айтканда, 500дөн ашуун автоунаалар кезек күтүп, дыйкандардын түйшүгүн бир топ түйшөлткөн.

«Быйыл ал маселе жокко эсе болот. Премьер-министр С.Жээнбеков 2016-жылдын 1-декабрь күнү Сокулуктагы кабыл алуу пунктунда болуп, «Кошой» кант заводу менен таанышып чыккан. Анын натыйжасында биздеги кант заводун учурдун талабына жооп бергендей кылып оңдоо жана жаңы жабдуулар менен жабдуу максатында Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан 10 млн доллар бөлүндү. Учурда ремонт иштери жүрүүдө. Жабдыктар Германиядан алынат», - дейт ал.

Ж.Ахмедахунов завод күздөн баштап иштей баштаарын жана суткалык өндүрүштүк кубаттуулугу 2800-3000 тоннага чейин жетерин белгиледи.

«Натыйжада суткалап кезек күтүү болбой калат. Премьер-министр менен болгон жолугушууда заводун башкы директору А.И.Барбалат Чат-Көлдөн Жаңы-Пахтага чейин 17 чакырым унаа жол асфальтталганда төмөнкү аймактын кызылча өстүрүүчүлөрү үчүн ыңгайлуу болорун айтып кайрылган. Ошол эле маалда КР транспорт жана жол министри бул жолду асфальттап берүүнү убадалаган. Буюрса бул маселелер жолго коюлса дыйкандар үчүн райондун өнүгүп, өсүшү үчүн да бир топ пайдасын бермек», - дейт Ж.Ахмедахунов.

Быйылкы жылы кызылча өстүрүлчү аянттарды көбөйтүү дагы каралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×