Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуСокулук району 26.01.2017 13:41 На русском

Сокулуктук дыйкандар кызылча түшүмдүлүүгү боюнча рекорд коюшту

Turmush -  Сокулуктагы дыйкандар 1 гектардан 100 тоннадан ашык кызылча түшүм алып, рекоддук көрсөткүчкө жетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кызылчанын түшүмдүүлүгү жагынан Кайназаров атындагы жана 1-Май айыл аймактары алдыга чыкты.

«Студенттер айылынан Аристокиев Төлөбек 1 гектар аянттан 106 тонна, Чаткал-Көл айылынан Дурнев Алексей 14 гектардын ар бир гектарынан 105 тоннадан, Дурнев Николай 18 гектардын ар бир гектарынан 104 тоннадан, Ткачев Владимир 11,5 гектардын ар бир гектарынан 101 тоннадан, 1-Май аймагынан Хапаев Кайтби 61 гектардын ар бир гектарынан 103 тоннадан, Миргасым Аллахверанов 12 гектардын ар бир гектарынан 100 тоннадан, Военно-Антоновкадан Кежебүбү Мамбеталиева 28 гектардын ар бир гектарынан 102 тоннадан түшүм жыйнашып, рекорд коюшту» - деп айтылат маалыматта.

2015-жылы район боюнча 357 гектарга кызылча эгилип, ар гектардан орточо түшүмдүүлүк 450 ценнтнерди түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×