При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Жаш талант: Кеминдик окуучу Б.Бейшенбаева кыргыз тили боюнча облустук олимпиадага даярданып жатат (фото)

Turmush -  Кемин районунда болуп өткөн олимпиадада 16 жаштагы Бегимай Бейшенбаева кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча 1-орунду ээлеп, областтык олимпиадага даярданууда. Аймактык кабарчы окуучу менен таанышты.

Анын айтымында, сабактан тышкары комуз ийримине да катышат.

«Тегирменти айылында төрөлгөм. 2007-жылы Б.Солтоноев атындагы орто мектепке киргем. 25-ноябрда өткөн «Сары-Өзөн чолпондору» облустук сынагында «Манас» айтуу боюнча 2-орунга ээ болуп, акчалай сыйлык жана 1-даражадагы диплом менен сыйландым. Мектепте атайы комуз кружогуна катышам жана китеп окуганды жакшы көрөм», - деди ал.

Бегимай келечекте мугалим болууну каалайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2409
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:53,   16.08.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу