Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуСокулук району 16.12.2016 09:16

Сокулукта 1 айда 60 бала сасык тумоо менен ооруканага жаткырылды

Turmush -  Сокулук райондук оорукасынын балдар бөлүмүнө сасык тумоо менен 1 айда 60тан ашык бала жаткырылды. Бул тууралуу балдар дарыгери Гүлмира Насырова билдирди.

Анын айтымында, көбүнчө 5 жашка чейинки балдар ооруп келишти.

«Акыркы 1 жумада ооруп келгендер азайып калды. Болбосо декабрь айынын башталышында өтө көбөйүп, орундар жетишпей, далиске жаткырып калганбыз. Энелер эки-экиден 1 керебетке отуруп таң атырып калышкан. Азыр азайып калды. Оор абалда келген 3-4 бала болду. Ал тургай жандандыруу бөлүмүнө чейин жатып калышты. Негизинен ымыркайлардан 5 жашка чейин көп келип жатышат.

Сасык тумоо оорусу башталганда эле дарыгерлерге көрсөтүү керек. Айрым ата-энелер үйүндө кармап, өздөрү дарылап жатып күчөтүп алгандан кийин алып келүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×