Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуТалас району 13.02.2018 16:00

Айыл турмушу: Таластык А.Сманкулов жасаган комуздарды башка облустардан да келип алып кетишет (фото)

Turmush -  Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын 42 жаштагы тургуну Айбек Сманкулов 13 жылдан бери комуздун түрлөрүн чаап сатат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, комуз чапканды атасы Сүйөркулдан үйрөнгөн. Комузду өрүк, карагай, арча, кара жыгачтан чапса болот. Бирок өзү көбүнчө өрүктөн чабат. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсү бышкан кезде кыйылган өрүктүн жыгачы сууга кайнатылып, ышталып чабылса комуз сапаттуу жана добуштуу болот.

«Атам комуз чаап, устачылык менен алектенчү. Атамдын жанында жүрүп эле комуз чапканды үйрөнүп алдым. 2004-жылдан бери комуздарды буйрутма алып жасап келем. Дастан комуздар 8 миң сомдон, үйрөнчүк комуздар 4 миң сомдон сатылат. Көбүнчө үйрөнчүк комузга буйрутма түшүп турат. Бир комузду жасоого 3 ай убакыт кетет. Өзүмдүн атайын комуз жасоочу иш бөлмөм бар. Бош болгон учурларда ошол бөлмөмө кирип, комуз чаап чыгам. 13 жылдан бери Таластан, Бишкек шаарынан жана Ош калаасынан келип атайын сатып алган кардарлар бар. Дастан комуз менен үйрөнчүк комуз чоң-кичинелиги менен эле айырмаланат. Үйрөнчүк комуз жаш балдар үйрөнгөнгө ыңгайлаштырылган.

Биринчи өрүктү узунунан кесип алып, сөлөкөтүн түшүрүп баштайм. Аны жарым саат кайнатып, чайыры чыкканча 3 ай кургатып коём. 3 ай толук кургап бүткөндөн кийин чаап баштайм. Баары даяр болгондон кийин чаап, жасоо иштери 2 күнгө созулат. Мындан тышкары ооз комуз, добулбас, кыл кыяктарды жасайм», - деди ал.

Уста жубайы Карлыгач айым менен 2 кыз, 1 уулду тарбиялап келет.

Анын атасы Сүйөркул Сманкулов комуз чаап гана тим болбостон, чебер комузчу катары Талас өрөөнүндө белгилүү болгон. Кесиби мугалим болсо дагы улуттун көөнөргүс мурасын кийинки муунга үйрөтүүгө чоң салымын кошкон. Ал өз учурунда Көпүрө-Базар айылына атайын комуз ансамблин уюштурган. Жайлоолорду кыдыруу менен чабандардын маанайын көтөрүп, талантын тартуулап турган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.