Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуСокулук району 06.12.2016 12:33 На русском

Чүй облусундагы 42 мектепке карантин жарыяланды

Turmush -  Чүй облусундагы 42 мектепке кечээ, 5-декабрдан баштап карантин жарыяланды. Мындай чечимди райондук администрациянын координациялык кеңеши кабыл алды, деп билдирди Чүй облусу боюнча оорулардын алдын алуу жана санэпиддик көзөмөл борбору.

Курч респиратордук вирустук инфекциядан улам көпчүлүк окуучулар сабакка келбей жаткан мектептердеги билим берүү процесси 5 күнгө токтотулду.

Алар:

- Аламүдүн району боюнча 12 мектеп;

- Ысык-Ата районундагы 16 мектеп;

- Сокулук районундагы 5 мектеп;

- Панфилов районундагы 5 мектеп жана мектепке чейинки билим берүүчү 1 мекеме;

- Жайыл районундагы 4 мектеп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×