Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 05.12.2016 15:58

Вирустук инфекциядан улам Чүйдөгү 30 мектеп, Жалал-Абаддагы 1 мектеп убактылуу жабылды

Turmush -  Чүй облусундагы 30 орто мектеп курч респиратордук вирустук инфекциядан улам убактылуу жабылды. Ошондой эле, Жалал-Абаддагы 1 мектеп билим берүү процессин токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Учурда Чүйдүн Ысык-Ата районундагы 16 мектеп, Аламүдүндөгү — 7 мектеп, Сокулуктагы — 2 мектеп, Панфилов районундагы 5 мектеп жабык турат.

Ал эми, Бишкек шаарындагы баардык мектептерге 5-декабрдан 12-декабрга чейин карантин жарыяланган.

Өлкөнүн башка аймактарындагы мектептер билим берүүнү улантып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×