Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу 08.10.2016 15:23

Вице-премьер М.Абулгазиев Чүй облусундагы бир катар объектилердин иши менен таанышты

Turmush -  Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 8-октябрда Чүй облусу боюнча бир күндүк иш сапарынын жүрүшүндө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Кең-Булун» жана «Токмок» көзөмөлдөө-өткөрмө пункттарынын иши менен таанышып, Чүй облусундагы бир катар инфраструктуралык объектилерди кыдырды.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, «Ак-Тилек» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктундагы реконструкциялоо иштерине байланыштуу «Кең-Булуң» пунктуна күч келүүдө.

«Буга катар «Кең-Булуң» өткөрмө пунктунда реконструкциялоо иштерине даярдыктар башталды. «Токмок» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунда модернизациялоо иштери толук кандуу жүрүүдө, аны жыл соңуна дейре жыйынтыктоо пландаштырылууда. Көрсөтүлгөн өткөрмө пункттарды модернизациялоо биз үчүн чоң мааниге ээ, анткени, алар КРнын Евразия экономикалык биримдиги ортосундагы тышкы чектери болуп саналат. Муну эске алуу менен өткөрмө пункттарды модернизациялоо боюнча иштер өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүлүшү тийиш», – деди ал.

Андан соң биринчи вице-премьер-министр Чүй районунун Искра айылындагы «Искра Азия» ААКга барды. Канаттуулар фабрикасы 2010-жылы кыргыз-кытай өкмөт аралык келишиминин негизинде уюштурулган. Ишкана суткасына 24 миң балапан чыгарат, алар жалпы республика боюнча сатылат. Учурда продукцияны Кытайга экспорттоо маселеси каралууда.

Фабриканын өндүрүш аянты менен таанышып чыккан соң М.Абулгазиев өндүрүштүн темпин жана продукциянын тышкы рынокко чыгарылышын тездетүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Иш сапар соңунда вице-премьер Чу дарыясындагы суу каналынын жыйынтыкталбаган курулушун көрдү, жана Чыгыш Чоң Чүй каналынын башкы суу топтоочу жайынын иши менен таанышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×