Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЖайыл району 30.09.2016 08:24

Жайыл районундагы ооруканада балдар ойноочу бөлмө ачылды (фото)

Turmush -  Жайыл районундагы ооруканада жаш бейтаптардын тез сакайышы үчүн оюн бөлмөсү ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Анын ачылышына оорукананын балдар бөлүмүнүн дарыгерлери, бейтаптар, алардын ата-энелери жана керектүү жабдууларды алууга 270 миң сом бөлгөн демөөрчүлөр катышты.

«Балдар ойноочу бөлмө учурдун талабы. Ал ар бир балдар бөлүмүндө болушу керек. Бала өзүн ооруканада эмес үйүндө жүргөндөй сезиши зарыл. Бул жерде баланы стресстен сактаса болот», - деди оорукананын балдар бөлүмүнүн жетекчиси Канымкан Молдажиева.

Бөлмөдө балдар үчүн сыналгы да коюлган. Ойноочу жайга айыгып, башка балдар менен байланыш түзүүгө жөндөмдүү балдар гана кирип ойношот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×