При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 27-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: 23 жаштагы Калыбек Көчмөндөр оюндарында эр эңиштен алтын медаль утту (фото)

Turmush -  Панфилов районунун Кум-Арык айылынын 23 жаштагы тургуну Бузурманкул уулу Калыбек II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 70 кг чейинкилер арасында эр эңиште 1-орунду ээлеп, алтын байге утту. Аймактык кабарчы балбан менен маектешти.

Анын айтымында, жеңишин биринчи болуп апасына сүйүнчүлөгөн.

«Мен апама телефон чалып жеңгенимди айттым. Апам мага ыйлагандай туюлуп кетти. Апам үчүн менин жеңишим эмес, жаракат албагандыгым манилүү. Ал мен үчүн дайыма кыжаалат болот. Ошондуктан мен катуу таймаштарга чыгышыма каршы», - деди ал.

Көчмөндөр оюндарында уткан 150 миң сомду мал чарбасын өнүктүрүү үчүн сарптоону пландап жатат.

Калыбектин машыктыруучусу Орозбек Торгомбаевдин айтымында, окуучусу дайыма ийгиликтерге жетишүүгө аракет кылат.

«Башында атка бекем отуруу керек. Бирок жөн гана бекем болуу жетишсиз. Тез реакция, шамдагайлык да керек», - деди машыктыруучу.

Балбан 10 жашынан тарта спорт менен машыга баштаган. 2011-жылы окуучу кезинде Республикалык спартакиадада кыргыз күрөшү боюнча чемпион болуп, КРнын спорт чебери наамын алган. 2 жолу Азия чемпионатына катышып, 2 жолу тең 3-орунду ээлеген.

Калыбек Кара-Балта шаарындагы «Кожомкул» спорт комплексинде машыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1653
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×