Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуАламүдүн району 16.08.2016 14:59

Чүй облусуна Сауд Арабиядан инвестиция тартуу маселеси талкууланды

Turmush -  Бүгүн, 16-августта өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов Сауд Арабиянын «RiadhAlkhozaman Contracting LTD» ишканасынын жетекчиси Амани Фарис Аль-Аиди айым башында турган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Сауд Арабияга эт азыктарын экспорттоо үчүн Чүй облусунда карантиндик зонанын курулушуна инвестицияларды киргизүү маселеси талкууланды.

Б.Кудайбергенов аталган долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×