Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусу 27.07.2016 17:10

Жылдын 6 айында Чүйдө бир дагы айыл өкмөт дотациядан чыккан жок

Turmush -  Чүй облусунда 2016-жылдын 1-жарым жылдыгында 1 дагы айыл өкмөт дотациядан чыккан жок. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда облустун 2016-жылдын 1-жарым жылдыгындагы жыйынтыктары каралган жыйында белгилүү болду.

Облустук администрациянын маалыматына караганда, Чүй облусу боюнча 105 айыл өкмөт бар. 67 айыл өкмөткө теңдештирүүчү гранттар каралган. Ал эми 2015-жылы 7 айыл өкмөт дотациядан чыккан.

Ошондой эле, отурумда облус аймагында салыктардын пландык көрсөткүчү толук топтолбогондугу белгилүү болду.

- Пайдадан түшкөн салык 79,3%га аткарылып, бюджетке 15,3 млн сом түшкөн эмес;

- унаа салыгы 95,8%га аткарылып, бюджетке 712,3 миң сом түшкөн жок;

- сатуудан түшкөн салык 93,9%га аткарылып, бюджетке 23,1 млн сом түшкөн жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×