При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Шопоковдук А.Прогнимакта 18-кылымга таандык ваза сакталуу (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Шопоков шаарынын тургуну Александр Прогнимак чоң энесинен калган 18-кылымга таандык вазаны сактап жүрөт. Аймактык кабарчы андан ваза жөнүндө маалымат алып келди.

«Чоң энем тылда иштеген. Ал мындан 20 жыл мурун бул дүйнөдөн өтүп кеткен. Анын илгертеден бери сакталып келе жаткан 18-кылымга таандык вазасы чоң аталарынан калганын укканым бар. Бирок, ал эмне болуп сакталып калган, кайсы элге таандык экенинен кабарым жок.

Ошону менен бирге япон элине таандык чөйчөк жана күмүш кашык бар. Булар болсо чоң атамдан калган. Ал Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Халхин-Голдо аскердик операцияларга катышкан. Ошондо алып келген экен.

Вазаны 1000 долларга, чөйчөктү 150 долларга жана кашыкты 100 долларга баалап, сатууну көздөп жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1548
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×