Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кытайлык инвесторлор Панфилов районундагы 500 гектар жерге күнөскана курат

Turmush -  Кытайлык инвесторлор Панфилов районунан 500 гектарга жакын жерди ижарага алып, ал жерге мөмөлүү жемиштерди өстүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу райондун акими Өмүрбек Ногоев билдирди.

Анын айтымында, 300 гектар жерге күнөскана курулат, ал эми 200 гектарга киви, алма, курма жана алчанын көчөттөрү отургузулат. Чет элдик компания менен жерди 7 жылга берүү боюнча келишим түзүлгөн.

«Болжол менен бир айдан кийин күнөскана комплексинин курулушу башталат. Үч айдын алкагында курулуш толугу менен аяктайт. Ал эми райондун аймагына бактын 100 миң көчөттөрү отургузулду, дагы 100 миң көчөттүн келиши күтүлүүдө. Ижарага алынган жерлер Фрунзе айыл өкмөтүндө Киров айылынын маңдайында жайгашкан», - деди аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 874
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×