Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуКемин району 18.04.2016 13:33

Кеминде «Биз сергек жашоо образы үчүн» спорттук иш-чарасы акциялар менен коштолду (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрациясында «Биз сергек жашоо образы үчүн» деген аталыштагы спорттук иш-чара өткөрүлдү.

Райондук администрациянын басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган иш-чара 15-апрель — Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата өткөрүлдү.

Иш-чара Кеминдеги №3 орто мектебинин окуучуларынын бир катарга басуусу менен башталып, андан соң катышуучулар аралыкка чуркоо боюнча жарышты. Жарыштын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Ошондой эле келген конокторго «Биз тамеки тартууга каршыбыз», «Биз СПИДге каршыбыз», «Кант диабети боюнча кандай маалыматыңыз бар?», «Кургак учук» деген темаларда түшүндүрүү иштери өттү.

Иш-чаранын соңунда «Эң мыкты үгүт командасы», «Мыкты дубал гезит», «Мыкты жасалга» наамынын жеңүүчүлөрүнө дипломдор ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×