Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусу, Кара-Балта 18.04.2016 11:55

Кара-Балта шаарында эхинококкоз илдетине кабылгандардын 30%ын балдар түзөт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаардык мэриясында эхиконоккоз илдетинин алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери, санэпидкөзөмөл борборунун, ветеринардык кызматтын өкүлдөрү жана кварталдык комитеттин жеткечилери катышты.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалым болгондой, бул илдетке кабылгандардын 30%ын балдар түзүүдө.

«Мурда бул илдет менен жаныбарлар гана ооруса, акыркы учурларда адамдар да жабыркай баштады. Азыркы тапта шаарда бул ооруга кабылган учурлар көбөйүүдө. Кварталдык комитет башчыларын чакырганыбыздын себеби — алар менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Буклет, брошюраларды берсек, алар тургундарга таратат. Мындай аракеттер аз да болсо эхинококкоздун алдын алууга жардам берет», - деди дарыгер Куляш Бейшенбаев.

Ал эми райондук санитардык башкы дарыгер Осмоналы Жолдошбаевдин маалыматында айтылгандай, өткөн жыл аралыгында район аймагында эхинококкоз илдетине 5 жаран кабылган. Жыл башынан бери бул ооруга кабылгандар катталган эмес.

Ооруга кабылган адамдын ички органдары жабыркап, айрым учурларда майыптыкка алып келет.

«Бул илдеттин алдын алуу үчүн кварталдык комитет башчыларынан жардам көрсөтүүнү өтүнүп жатабыз. Алар ит, мышык баккан тургундарга үй жаныбарларын эмдөөдөн өткөрүү зарыл экендигин айтып, түшүндүрсө, эмдөө текши өтмөк», - деди О.Жолдошбаев.

Эхинококкоздун алдын алуунун негизги жолдору — иттердин эсебин алуу, өз убагында эмдөөдөн өткөрүү, жеке жана жалпы гигиеналык эрежелерди сактоо.

Жайыл районунда жалпысынан 20 миң 450 ит бар. Учурда иттерди дегельминтизациялоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×