Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЖайыл району 18.04.2016 10:45

Жайылда кургак учукту интенсивдүү дарылоонун жаңы программасы жайылууда (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 15-апрель күнү кургак учук илдетин азайтуу жолдору талкууланды.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалым болгондой, иш-чарага улуттук фтизиатрия борборунун кызматкерлери, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана облустук бириктирилген оорукананын дарыгерлери, «КРдагы миссия» эл аралык өнүктүрүү агенттигинин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун максаты — Кыргызстанда кургак учукка кабылган бейтаптарды жаңы усулда дарылоого өтүүнүн жолдору менен таанышуу.

«Азыркы учурда жаңы усулда иштеп жатабыз. Мурда кургак учукка кабылган ар бир бейтап ооруканада, стационарда көп убакыт дарыланып жатчу. Эми мындай эрежелерден алыстап жатабыз. Кургак учуктун жабык түрүнө кабылгандарды 2 ай бардык эрежелер менен караса, 2 айдан кийин алардын оорусу жугуштуу болбой калат. Бирок ооруканада жата берип, кайра жаңы кабыл алынган бейтаптардан оору жугузушу мүмкүн. Мындан улам биз бейтаптарды 2 ай дыралагандан кийин үйгө чыгарууну чечтик», - деди «КРдеги миссия» эл аралык өнүктүрүү агенттигинин кургак учук программасы боюнча жетектөөчү адиси Чынара Камарли.

Чүй облусу боюнча кургак учукка кабылгандардын саны Жайыл районунда көп болгондуктан жаңы программа алгач аталган райондо жайылтылат. Ошону менен катар бул иш-аракеттер Сузак району менен Жалал-Абад шаарында да ишке ашырылууда.

Чынара Камарли белгилегендей, бул жаңы ыкма менен дарылоо бейтапка гана эмес мамлекетке да пайдалуу.

«Бейтапты дарыканада дарылоого бюджеттен көп каражат талап кылынат. Ал эми үйгө чыгарылса алар дарылануу менен биргеликте иштей да алат. Муну менен үйүнө да, мамлекетке да пайда келтирет. Жергиликтүү бюджет үчүн бул абдан пайдалуу. Анткени ооруга кабылгандардын көпчүлүгү жумушка жарамдуу жаштар», - деп кошумчалады Ч.Камарли.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×