Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуЖайыл району 12.04.2016 18:31

Жайыл районунда 2015-жылы кант диабети менен ооруган 32 адам каза болгон

Turmush -  Жайыл районунда кант диабети менен ооругандардын саны көбөйүүдө.

Үй-бүлөлүк медициналык борборунун эндокринолог-дарыгери Күлбара Күлбаеванын айтымында, райондо 2014-жылы кант диабети боюнча 644 учур катталса, 2015-жылы 677 учур катталган. 2014-жылы бул оорудан улам майыптыкка биринчи жолу 1 адам чыкса, 2015-жылы алардын саны 9га жеткен.

Кыргызстанда бул оору менен жабыркаган 47 миң адам бар. Кант диабети бир гана майыптыкка алып келбестен, мезгилсиз өлүмгө алып келет. Алсак, 2014-жылы Жайыл районунда кант диабети менен ооруган 22 адам каза болсо, 2015-жылы 32 адам каза болгон, деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×