Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу, Кара-Балта 28.03.2016 09:19

Кара-Балта шаарынын бюджети азыркыга чейин кабыл алына элек

Turmush -  Кара-Балта шаарынын бул жылдагы бюджети бекитиле элек. Андан улам шаардагы негизги иштер аткарылбай келет. 

Кара-Балта шаардык кеңешинин бюджет, муниципалдык жеке менчик, экономика, финансы жана инвестиция боюнча депутаттык комиссиясынын кезектеги жыйыны 23-мартта өткөн. Жыйынга катышкан депутаттар өздөрүнүн пикирин билдирип, сунуштарын айтышкан.

Депутаттардын айтымында, бул 7-жыйын, бирок азыркыга чейин алар суроолоруна жооп алыша элек. Ошондуктан бюджеттин долбоору сессияга чыгарылбай келет.

Шаардык кеңештин вице-спикери Ольга Архипованын айтымында, бюджет боюнча долбоорду алар 16-февралда алышкан.

«Аны толугу менен карап чыгууга убакыт жок болду. Ал аягына чейин иштелип чыга элек долбоор болгон. Биз депутаттар ар бир беренени толугу менен окуп чыгып, толуктоолорду киргизип жатабыз», - деди ал.

Кызуу талкуудан кийин депутаттар бюджеттик комиссиянын жыйынын кийинки жумага жылдырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×