Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЖайыл району 11.03.2016 13:48

Жайыл районундагы кант диабети мектеби жабылууга мажбур (фото)

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук үй-бүлөлүк медициналык борбору кант диабетин айыктыруу жана анын алдын алуу үчүн бир нече жылдардан бери биринчи ирет жаңы жабдыктарга ээ болду. Мындай маалыматты бүгүн, 11-мартта райондук оорукананын дарыгер-эндокринологу Гүлбара Кулбаева Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

Г.Кулбаеванын айтымында, учурда бул жабдыктар пайдаланылбай турат. Анткени үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жаңы жетекчиси кант диабети мектебин шаардын төмөн жагындагы чакан бөлмөгө көчүргөн. Мындай кырдаалда кант даибети мектеби бейтаптарды дарылоого, массалык түрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө шарттын жоктугунан улам жабылууга мажбур болот.

«Мен бейтаптар менен иштей албай жатам. Мен азыр дарыгер-эндокринологдун жарым штатында, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда толук штаттамын. Бул мен үчүн жетишсиз, анткени район боюнча жалгыз дарыгер-эндокринологмун. Район боюнча мектепке кант диабети менен ооруган 677 адам келсе, анын ичинен 40 бейтап аталган илдеттин 1-тибинде, калганы 2-тибинде жабыркайт. Мындан тышкары богок оорусу менен жабыркаган тургундарды да кароо керек», - деди Г.Кулбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×