Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЖайыл району 22.02.2016 14:41

Жайыл районунда мектеп окуучуларынын ден соолугу атайын класстык сааттар менен чыңдалат (фото)

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы мектептерге балдардын саламаттыгын чыңдоо үчүн окуу китептери берилди.

Чүй облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн башчысы Асел Айтекованын Turmush басылмасынын кабарчысына берген маалыматына ылайык, ден соолукту чыңдоо боюнча өтүлө турган класстык сааттарга керектүү 5 даана окуу китеби берилди.

Класстык сааттар «Самын менен достош», «Насвай менен ден соолук — айкалышкыс нерсе», «Тамеки чегүү — ден соолукка зыян» деген темаларда өтөт.

«Бул окуу китептер ден соолукту сактоо боюнча балдарга жеткиликтүү жана туура маалыматтарды берүү үчүн мугалимдердин эң чоң жардамчысы болот. Ошондой эле тамеки, насвай тартуу өңдүү жаман адаттарга балдардын аралашуусун алдын алат. Китептердин ичинде DVD-дисктер камтылып, ага ден соолукту сактоо боюнча видеоматериалдар жүктөлгөн», - деди А.Айтекова.

Ал белгилегендей, аталган китептер республикалык ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан даярдалган.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги балдардын ичеги-карын ооруларын азайтуу үчүн жеке гигиенаны сактоого үйрөткөн класстык сааттарды өткөрүүнү сунуштады. Бул китеп Кыргыз улуттук илимдер академиясынын уруксаты менен чыкты. Видеоматериалдар кыргыз жана орус тилинде даярдалган», - деп кошумчалады бөлүм башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×